Кара-Суунун Нур- Ислам мечитинде курман айт майрамы белгиленди

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылынын жаштары курман айт майрамына карата жаш балдарга оюн-зоок мелдештерин уюштурушуп, аларга жагымдуу маанай тартуулашты.

Ошондой эле бир уй, бир кой курмандык чалышып, азык-түлүк баштыкчаларын муктаждарга таратышты.

Иш-чарага Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Тельман айылынын тургундары жана жаш өспүрүмдөр катышты.

 «Курман айт күнү майрамды даңазалап, жаштарды спортко чакырган жана улуу күндө курбандык чалып, жетим-жесирлерден кабар алган жаштарга терең ыраазычылык билдирем», – деди Абдирашит ажы Батыров.