Сузак районунун баш имам хатиби Жунус Исмаилов селден жабыр тарткан элден кабар алды

20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунда катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам аймакты сел каптап, жергиликтүү тургундардын турак жыйын жараксыз абалга алып келген. Бүгүн, 23-июлда Сузак районунун баш имам хатиби Исмаилов Жунус жеринде кабар алып, жабыр тарткан эл менен жолугушту.

Аталган айылда 500дөй уйдү суу каптап, короолорун жараксыз абалга алып келген.

Ошондой эле кырсыктан 5 жашар кызынан айрылган үй-бүлөгө барып көңүл айтып, Куран окуп, ата-энесин сабырдуу болууга чакырды.

Ушул тапта Кара-Дарыя айыл өкмөтүндө жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында  уюштурулган штабка курмандык эттери тапшырылып, элге, мамлекетке тынчтык-аманчылык тилеп, дуба кылынды.