Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары жана коомдук ишмерлер атайын дипломдор, төш белгилер менен сыйланышты

Бүгүн, 23-июлда «Кыргыз жер.KG» коомдук маданий-саясий журналы  Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевге, мурдагы Азирети Муфтий Кимсанбай ажы Абдурахмановго, «Асанабил» кайрымдуулук фондунун директору  Махамат Абдил Керимге, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын жетекчиси Махаммад Мадиге, дин аалымы Садыбакас ажы Дооловго, Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаевге, борбордук мечиттин имамы Муса кары Атабаевге, Кызыл-Кыя шаарынын имамы Махамат ажы Абдикуловго атайын сыйлыктар, дипломдор жана төш белгилер тапшырылды.

Муну менен катар мурдагы Азирети Муфтий Кимсанбай ажы Абдурахманов «Өлкөгө өмүрүн арнаган инсандар» аттуу энциклопедияга киргендигин «Кыргыз жер.KG» коомдук маданий-саясий журналынын башкы редакторунун орун басары Барно Усманова билдирди.

«Өлкөбүзгө өмүрүн арнап, элибиз үчүн иштеген инсандарыбыз абдан көп. Алардын катарында сиздер барсыздар. Жараткан Алла Таалам насип кылса элибиз, жерибиз үчүн эмгектенген инсандарыбызды «Өлкөгө өмүрүн арнаган инсандар» аттуу энциклопедияга киргизип, тарых үчүн киргизип койсок деген изги тилегибиз бар»,-деди Барно Усманова.

Ал эми Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, сыйлык алган дин аалымдарына, коомдук ишмерлердин мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

Салтанаттуу иш-чарага КМДБнын кызматкерлери жана коомдук ишмер, юрист Нурланбек Апызов катышты.