Сузак райондук хатибияты жергиликтүү тургундар менен биргеликте селден жабыркаган Кара-Дарыя айылына акчалай жардам жана азык-түлүктөрдү жарам катары жеткиришти

Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов аймактагы мечит имамдары менен биргеликте  селден жабыркаган Кара-Дарыя айылынын тургундарына 30 000  сом акчалай жардам жана үй тиричилигине колдонуучу жабдыктарды, азык-түлүктөрдү тапшырды.

Кайрымдуулук иш-чарасына Сузак айылында жайгашкан “Зухриддин Эшон” жума мечитинин жамааты дагы колдоо көрсөтүп, аймактагы дин кызматкерлери колго алышкан.

“Элибизден айланса болот. Имамдарыбыз эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, селден жабыркаган бир туугандарыбызга колдоо көрсөтүү керектигин айтышты. Жардам колун сунган элибизге Алла Таалам эселеген жакшылыктарын берсин”,-деди Жунус ажы Исмаилов.