Ош облусунун мусулмандар казысы Араван районундук хатибяттын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Араван районуна жасаган иш сапарынын алкагында районундук хатибяттын  ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чарага Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов жана дин кызматкерлери катышты.

«Араван райондук хатибиятынын расмий идарасы абдан мыкты курулуптур. Башка аймактарда мындай хатибият турсун казыят дагы жок. Мечиттердин четиндеги бөлмөлөрдүн биринде кызмат кылып келишүүдө», – деди облус казысы.

Ал эми Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев мындай идаралардын башка аймактарда дагы курулуп жатканына токтолду.

«Ушундай хатибияттар облусубуздун башка райондорунда дагы курулууда. Алсак Ноокат, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда хатибияттар курулууда. Кара-Кулжа районуда курулуп жаткан  хатибият дал ушул архитектурада салынууда», – деди Нурбек кары Орунбаев.