Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев «Ардактуу казы» наамы менен сыйланды

Бүгүн, 28-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиевди кабыл алып, аймактагы диний кырдаал менен таанышты. Жолугушууда  Таалайбек ажы Бапиев ден соолугуна байланыштуу дарылануу керектигин айтып, казылык кызматын тапшыруу үчүн арызын жазып берди.

Ал эми Азирети Муфтий ден соолук аманат экендигин айтып, Таалайбек ажы Бапиевге «Ардактуу казы» наамын тапшырды.