Эрик ажы Молдокулов Нарын облусунун мусулмандар казы болуп дайындалды

Нарын облусунун мусулмандар казысы Маметасан ажы Ибраев ден соолугуна байланыштуу арызын жазып, кызматын тапшырды. Нарын облусунун  мусулмандар казысы болуп Эрик ажы Молдокулов  дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Азирети Муфтий Маметасан ажы Ибраевге «Ардактуу казы» наамын тапшырып, тез арада сакайып кетүүсү үчүн дуба кылды.

МОЛДОКУЛОВ ЭРИК ТЫНЫБЕКОВИЧТИН ӨМҮР БАЯНЫ

Молдокулов Эрик Тыныбекович 1985-жылдын 15-январында Нарын облусунун  Кочкор районунун Комсомол айылында төрөлгөн.

БИЛИМИ:

2003-жылы Комсомол айылындагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебин бүтүргөн.

2004-2009-жылдары Кыргызстан Ислам университинин араб тили жана шарият факультетине аяктаган.

2014-2019жылдары  С.Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик университетинин тарых факультетине бүтүргөн.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

2011-2014-жылдары Нарын медресесинде мугалим, мүдүр.

2012-2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.

2014-жылдан баштап Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас”  мечитинин имам-хатиби.

2020-жылдын 7-декабрынан тарта Нарын облусунун казысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү,  4 баланын атасы

Араб, түрк тилдеринде эрикин сүйлөйт