Абитуриент 2021: «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресеси 2021-2022-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алат

 «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресеси 2021-2022-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алат.

КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ:

  • Ата-энесинен арыз
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү.
  • Медициналык аныктама  086у  (флюорография)
  • Аттестат же 9-классты бүткөндүгүн аныктаган күбөлүктүн көчүрмөсү
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт
  • Жашаган жеринен аныктама
  • Yй-бүлөлүк аныктама
  • Кагаз иштерине 500 сом

КАБЫЛ АЛУУ МӨӨНӨТҮ:

1-июлдан баштап 20-августка чейин офлайн түрүндө уланат.

СЫНАК АЛУУ МӨӨНӨТҮ:

Сынак 23-август күнү медресенин жыйындар залында өтөт.

 СЫНАК ТӨМӨНКҮ САБАКТАР БОЮНЧА ТЕСТ ТҮРҮНДӨ АЛЫНАТ

— Кыргыз тили

— Кыргыз адабияты

— Кыргызстан тарыхы

— География

Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш телефондор:

0777 07 05 06

0500 69 63 03

0772 44 47 97

0555 42 15 52

Дареги:

Ош шаары, Туран кичи району Ишматов көчөсү №65б.

«УММУ МУХАММАД» КУРАН ЖАТТАТУУ МЕДРЕСЕСИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ.

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресеси 2016-жылдын 5-октябрында расмий ачылган. Алгачкы абитуриенттерди кабыл алуу ошол эле жылы башталып 2019-жылы биринчи 2020-жылы экинчи 2021-жылы үчүнчү бүтүрүүчүлөр аяктап дипломдор жана сертификаттарга ээ болушкан. Учурда 7 мугалим жана 2 кызматкер үзүрлүү эмгектенип 50 дөн ашуун студенттер билим алууда. Медресенин негизги максаты Куранды толук жаттатуу, ага кошумча араб тили, фикх, хадис жана башка шарият илимдери окутулат.

ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ:

  • Окуу мөөнөтү даярдоо курсун кошкондо 4 жыл
  • Куран сабагынан сабак берген мугалимдер пайгамбарыбызга чейинки уланган 10 (он) кырааттан ижаза (санжыра) ээси болуп саналат
  • Медресе бүтүрүүчүлөрүнүн татыктууларына пайгамбарыбызга чейинки туташкан ижаза ыйгарат
  • Орто билим алгандыгын тастыктаган аттестат берет
  • Компьютердик курстар окутулуп, сертификат берилет
  • Студенттер жатакана жана тамак-аш менен камсыздалат
  • Медресенин диплому берилет

ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

  • Медресенин студенттери диний окуу жайлар арасында илимий жарыштарда алдыңкы орундарды багындырып келет
  • Медресенин студенттери өлкөбүздүн мечиттеринде Рамазан айынын тарабих намаздарында Куран хатымдарына өтүшөт
  • Медресенин студенттери диний окуу жайлар жана жергиликтүү мектептер арасында уюштурулган спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды багындырып келет
  • Медресенин мүдүрү баш болгон жалпы эмгек жамааты жана студенттер ар кандай коомдук иш-чараларга активдүү катышып келет