Талас облусунун мусулмандар казысы Сулумбек ажы Узеналиев жергиликтүү тургандар менен жолугушуп, «Аманат» темасында баяндама жасады

Талас облусунун мусулмандар казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас шаарындагы борбордук мечиттин жергиликтүү жамааты менен жолугушуп, «Аманат» темасында баяндама жасады. Эл менен жолугушууга казыят кызматкерлери жана облустун мурдагы казысы Таалбайбек ажы Бапиев катышты.

Облус казысы эч качан аманатка кыянаттык кылбоо керектигин жергиликтүү тургундарга түшүндүрүп, дин – тазалыктын үстүнө курулгандыгын билдирди.

«Инсанга  берилген жоопкерчиликтердин катарына адамдарга кылган мамилелерибиз, жумушубуз, окуубуз  жана милдеттеме алган кызматыбыз жана ден соолугубуз аманат болуп саналат. Берилген тапшырманы толук аткаруубуз аманаттан кутулгандыгыбыз болот. Андыктан жашообузга кайдыгер болбойлу»,-деди облус казысы.

Ошондой эле облус казысы адал эмгектенүүгө чакырып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөдү.

«Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун): «Адамдын жеген нерселеринин эң жакшысы – адал эмгек менен тапканы…»,-деп айткан. Чыныгы инсан эл-журт, мамлекет, керек болсо жалпы мусулмандар жана адамзат үчүн пайдалуу иш жасоого аракет кылышы керек»,-деди Сулумбек ажы Узеналиев.