Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Каирде өтүп жаткан «Санарип доорундагы фатва мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана кызматташуу механизмдери» аттуу эл аралык конференцияга катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Египет мамлекетинин Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесинин башкы катчылыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Санарип доорундагы фатва мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана кызматташуу механизмдери» аттуу эл аралык конференцияга катышууда.

Эл аралык конференцияга 85 өлкөнүн Азирети Муфтийлери жана дин аалымдары катышып, анын алкагында эпидемия жана  технологиялык өнүгүү доору,  фатва берүүдө санариптик ыкмаларды колдонуу боюнча маселелер талкууланууда.

Ал эми конференция 3 секцияга бөлүнүп, биринчи секцияда «Жамааттык фатва берүү: реалдуулук жана келечектеги үмүттөр, экинчи секцияда «Санарип доорундагы фатва берүү мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана эффективдүү моделдер», үчүнчү секцияда «Эпидемия учурундагы фатвалар: методдору жана механизмдери» темалары боюнча докладдар окулуп, талкуулар жүрүүдө.

Ал эми Азирети Муфтий  бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесине мүчө болуп, отурумга катышты.