Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев Өзгөн районундагы дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев иш сапары менен Өзгөн районуна барып, аймактагы имамдарга жыйын өткөрдү. Иш-чарага Өзгөн районунун башкы имам-хатиби Акжол ажы Козубаев, Өзгөн райондук СЭСтин бөлүм башчысы Турсунбай Кожоев, эпидемиолог Мамажусуп Кайиев жана мечит имамдары катышты. Жыйында COVID-19дун жайылышын алдын алуу, мазхаб кармануунун зарылдыгы жана мечит имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси каралды. 

Дин кызматкерлери менен жолугушууда облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев жамааттардын башын бириктирүү зарыл экенин баса белгилеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигине токтолду.

«Максатым, жамааттардын башын бириктирүү, имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу жана мазхаб боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жандантуу. Илимде из калтырган мусулман аалымдары аябай эле көп. Муну мусулман атуулу билүүсү зарыл. Алардын өмүр таржымалы, басып өткөн жолу, мазхабы жана илимге кошкон салымдарын билели. Айрыкча өзүбүздүн салттуу Ханафий мазхабын бекем карманып, алардан үлгү алалы»,  – деди облус казысы.