Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Мекенибиздин намысын коргоп жаткан баатыр уул-кыздарыбызга дуба кылып, өлкөбүзгө жеңиш менен кайтып келүүсүн Алла Тааладан сурайбыз

Спорт – адам баласынын ден соолугунун башкы булагынын бири. Ал ден соолукту гана чыңдабастан, сергек жашоого дагы үндөйт. Спорт – тынчтыктын тиреги. Азыр эл аралык, жолдоштук мамилелер спорт аркылуу өсүп келет. Учурда өлкөбүздөгү чыгаан уул-кыздарыбыз Токио жайкы Олимп оюндарында катышып, мамлекетибиздин намысын коргошууда. Спортчуларыбыз өлкөбүздүн намысын көптөгөн ири эл аралык мелдештерде, анын ичинде Олимпиада оюндарында татыктуу коргоп келишкен жана коргой беришет. Албетте, мелдеш болгондон кийин бирөө жеңет, бирөө жеңилет. Жеңиш жана жеңилүү Алла Тааламдын буйругу менен болот.

Пайгамбарыбыз (САВ): «Мусулман-момун эч кимде болбогон суктанарлык бир касиетке ээ. Эгерде жакшылыкка туш болсо, ага шүгүр кылат. Мындан ал жакшылык табат. Эгерде, кыйынчылыкка туш келсе, сабыр кылат. Мындан да ал жакшылык табат»,-деп айткан.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) дагы бир хадисинде мындай деген: «Ким сабыр кылса, Аллах ага сабырдуулук (чыдамкайлык) берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес.» (Муслим, Зекет, 124.)

Ар бир Токио жайкы Олимп оюндарында катышып жаткан мекендештерибиз мелдеш талаасына чыкканда жүрөктөрүбүз толкундап, жеңишке жетсе сүйүнгөнүбүздө чек жок болуп турган мезгил. Мекенибиздин намысын коргоп жаткан баатыр уул-кыздарыбызга дуба кылып, өлкөбүзгө жеңиш менен кайтып келүүсүн Алла Тааладан сурайбыз. Биз сиздер менен жана дайыма сиздер үчүн дуба кылуудабыз.