Бакай — Ата районундагы Ак — Дөбө айылында жаңы мечит ишке берилди

Талас облусунун Бакай – Ата районундагы Ак – Дөбө айылында заманбап бардык шарты менен мечиттин ачылышы болуп өттү. Мечит “Исар” кайрымдуулук фонд тарабынан 150 кишиге ылайыктап салынган.  

Ачылыш аземине Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын үгүт — насаат жана билим берүү адиси Абдысамат уулу Өмүрзак, “Исар” фондунун жетекчиси Алтынбек Кударбердиев, Бакай — Ата районунун акимдин орун басары, имамдар жана жергилүктү айылдын тургундары катышышты.

«Пайгамбарыбыздын (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) хадисинде айтылгандай «Жамаат менен окулган намаздын сообу, жалгыз окулган намаздын сообунан жыйырма жети эсе көбүрөөк. Андыктан мечиттин ичи жамаатка толсун», — деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.