Баткен казыятында район, шаарлардын баш имам хатибдерине жыйын болуп өттү

Баткен казыятынын жыйындар залында район, шаарлардын баш имамдарына жана казыят кызматкерлерине  облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов жыйын өткөрдү.

Жыйында аймакта аткарылып жаткан диний иш аракеттерди  коомчулукка жеткирүү, мечиттерди каттоодон өткөрүү, мечиттерде санитардык эрежелердин сакталышы, дааратканалардын тазалыгы жана башка көйгөйлүү маселелер каралды.

Облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алууда, элди ынтымак, биримдикке үндөөдө, тарбия, адеп-ахлак жана динибиздин баалуулуктарын жайылтууда массалык маалымат каражаттарынын орду чоң экендигин айтып, дин кызматкерлерине бул тармакта активдүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

“Динибиз тазалыктын дини. Ошондуктан биз мечиттерди, дааратканаларды таза кармашыбыз  зарыл. Бүгүнкү күндө эл арасында адеп-ахлак, тарбия жана терс диний агымдардын алдын алууда иш алып баруу зарылдыгы бар”,- деди облус казысы.