Ош облусундагы дин кызматкерлери MS Office, word, excel, outlook, power point сыяктуу күнүмдүк иштерде колдонулуучу программаларды өздөштүрүшүүдө

Ош облустук мусулмандар казыятында хатибият  кызматкерлеринин компьютердик программалар менен  мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, мечиттердин документ иштерин жүргүзүү боюнча атайын окутуу иштери жүргүзүлдү. 

Иш-чарага облустук казыяттын курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбеков, ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Бөрүмухамед Эсенов катышып, хатибияттардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн бирдиктүү компьютердик программалар менен иш алып баруу зарыл экендиги айтылды.

 «Жумуштун алга жылуусу үчүн технологияны дагы да жакшылап өздөштүрүшүбүз зарыл. Учурда бардык хатибияттарды телефон аркылуу компьютерлерге интернет бөлүп берүүчү техникалык жабдыктар менен камсыздадык. Алар түрдүү интернет көйгөйлөрү жаралган учурда колдонууга ыңгайлуу»,– деди Абдималик ажы Турсунбеков.

 Мындан сырткары хатибият кызматкерлерине иш кагаздарын жүргүзүү жана түрдүү программалар менен  эркин иштөө боюнча кенен маалыматтар берилди.

«Ааламдашуу доорунда ар бирибиз копьютерди эң жакшы өздөштүрүшүбүз маанилүү. Имамдарыбыз MS Office, word, excel, outlook, power point сыяктуу күнүмдүк иштерде колдонулуучу программаларды мыкты өздөштүрүүлөрү зарыл. Документ иштери мына ушул офистик программалар аркылуу ишке ашат»,-деди Бөрүмухамед Эсенов.