Египет мамлекетинин президенти Абдель-Фаттах Эль-Сиси конференцияга катышып жаткан Азирети Муфтийлерди кабыл алды

Египет мамлекетинин  президенти Абдель-Фаттах Эль-Сиси Каир шаарында өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк фатва берүү мекемесинин башкы катчылыгы тарабынан уюштурулган «Санарип доорундагы фатва мекемелери: өнүгүү чакырыктары жана кызматташуу механизмдери» аттуу эл аралык конференцияга келген Азирети Муфтийлерди жылуу кабыл алып, фатва берүү үчүн мыйзамдуу шилтеме катары ислам дүйнөсүндөгү фатва институттарынын маанилүүлүгүн эске алуу менен конференцияны толук колдоого алынарын баса белгиледи.

Президент Абдель-Фаттах Эль-Сиси виртуалдык мейкиндикте исламдын имиджин бурмалоо максатында жайылган туура эмес ойлорго дүйнөдөгү дин аалымдары каршы турушу керектигин айтты.

“Жашоонун бардык аспектилери, бүтүмдөрү жана дин жөнүндө маалымдуулуктун элге туура жетүүсү, коомдук стабилдүүлүккө жетишүүдө фатвалар проблемаларга жооп берет. Дүйнө жүзү боюнча фатва институттарынын мааниси бар”,-деди президент Абдель-Фаттах Эль-Сиси.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кыргыз элинин атынан ыраазычылык билдирип, дүйнөгө белгилүү болгон Аль-Азхар университетин аяктаган кыргызстандык аалымдар мекенине,  элине жакшы кызмат кылып жаткандыгын баса белгиледи.