Ош шаарында Куран жаттагандар үчүн атайын ыйык Куран китеби белекке берилди

Ош шаардык казыятына караштуу «Калык уулу Абсаттар» мечитинде Куран алиппесин аяктап, Куранды тажвид эрежеси менен окуй баштагандарга Куран тапшыруу саамалыгы болуп өттү.

Иш-чарага Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Ош облустук казыятынын фатва бөлүмүнүн адиси Абу Бакр Баястан уулу, Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканынын орун басары Юсуф Доган жана Түркия Диянет фондунун өкүлү Тахир Мехтиоглу катышты.  

ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Куран алиппесин ийгиликтүү аяктагандарга ийгилик каалап, Куранды жаттоо эң чоң бакыт экендигин билдирди.

«Муъаллим саани китебин аяктаганыңыздар баштапкы жетишкендик. Эми сиздер  Алланын кереметтүү китебин окуй аласыздар. Ыйык Курандагы эң алгачкы «Оку!» деген аятка амал кылыңыздар», – деди Юсуф Доган.

Ал эми мечит имамы каалоочуларга Куранды тажвид менен окууну үйрөтүп, акыйда, фыкх жана адеп-ахлак негиздери боюнча сабактар уюштурулуп келээрин билдирди.

«Китеп текчеңиздер абдан пайдалуу китептер менен толукталды. Мындай китептер диний сабаттуулукту арттырууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле Орусияда эмгектенген мигранттарыбыз дагы салымыбыз болсун деп 10 даана Куран китебин алып бериптир», – деди Абдималик ажы Турсунбеков.