Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Манас районунун администрация башчысы Жээнбеков Досмамбет менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев  Манас районунун администрациясынын башчысы Жээнбеков Досмамбет менен жолугушуп, аймактагы диний абал, эки тараптуу кызматташуу, элдин ыйманын, биримдигин жана ынтымагын бекемдөө жаатында сүйлөштү.

Эки тараптуу жолугушууга облустук казыяттын кызматкерлери жана райондун баш имам хатиби катышты.

Дин кызматкерлери менен жолугушууда Манас районунун администрация башчысы имамдар менен тыгыз кызматташып келе жаткандыгын айтып, жаштар арасындагы ар кандай азгырыктарга бөгөт коюда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштешүү керектигин билдирди.

Ал эми облус казысы жолугушуудагы каралган маселелердин бардыгы актуалдуу экендигин айтып, эң негизгиси коомдун оңолуусу үчүн бардык тарап бири-бирине жөлөк болуп иштөөсү керектигин, бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн салымы чоң экендигин айтып, администрация башчысы Жээнбеков Досмамбетке ыраазычылык билдирди.

Ушундай эле жолугушуулар Манас районундагы айыл өкмөт башчылары менен дагы уланып, айыл жергесиндеги көйгөйлөр угулду.