Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Джаббор ажы Мажитовдун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Абдусаттар уулу Джаббор ажынын каза болгондугуна байланыштуу жакындарына көңүл айтты.

Устатыбызды Алла Таалам Өз ырайымына алсын. Чындыгында баарыбыз аны эң жакшы кулк- мүнөзгө ээ болгон момун мусулман катары тааныйт элек. Бүгүн жалпыбыздын жүрөгүбүздү сыздатып, бул жалган дүйнө менен кош айтышып кете  берди. Арабызда эле жүргөн жакшы адамдардан айрылуу чындыгында кыйын нерсе. Жакындарына, туугандарына жана уул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Күндөрдүн султаны болгон жума күнү чыныгы сапарга аттанды. Түбөлүк жашоосунда бейиштен орун берилүүсүн Кудай Тааладан сурайбыз.

Абдусаттар уулу Джаббор Максым устатыбыздын жаназасы бүгүн, 13-август күнү саат 14.00дө Бишкектин Ала-Тоо конушундагы «Рашид Сайид» мечитинде окулат.