Ош облусунун казсы Сайдамир ажы Жейналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк менен жолукту

9 – август күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Түркиянын кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк менен жолугушту.

Иш-чарага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары Юсуф Доган жана Түркия «Диянет» фондунун түштүк аймагы боюнча өкүлү Тахир Мехдиоглу катышты.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселеси каралып, облус аймагындагы диний кырдаалды талкуулашты.