Ош облусунда 1050 орундуу “Имам Ата” мечити ишке берилди

Ош оболусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы имам Ата айылында жергиликтүү айыл тургундарынын колдоосу менен 1050 орундуу “Имам Ата”  мечити ишке берилди.

Иш-чарага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, дин аалымы Садыбакас ажы Доолов, ДИМКнын түштүк айматык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров жана айыл тургундары катышты.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев айыл тургундарын куттуктады.

«Жаңы мечитиңиздер куттуу, берекелүү болсун! Алла Таалам ушул  мечиттин курулуш иштерине ар тараптуу салым кошкон бардык кызматкерлерге бейиште да дал ушундай үй насип кылсын. Ылайым ушул мечитте туура багыттагы ислам тарбиясы берилип, ар кандай туура эмес багыттагы агымдардан Алла Таала Өзү сактасын», – деди облус казысы.

Ошондой эле ДИМКнын түштүк айматык бөлүмүнүн башчысы мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты жана дин багытындагы мыйзам актылары боюнча маалыматтарды берди.

Ал эми калган коноктор өздөрүнүн куттуктоолорун айтышып, белектерин тапшырышты.

Мындан сырткары мечиттин курулуш иштерин жетектеген мечит имамы Юсуфхан ажыга облус казысы ыраазычылык баракчасын тапшырса, мечитке жигердүү кызмат кылган жарандарга Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров ыраазычылык билдирди.