Ала-Букадагы дин кызматкерлери Аксы, Сузак жана Лейлек районунун Ак-Терек айылындагы селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө материалдык жана акчалай жардам көрсөтүштү

Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак районундагы жана Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Терек айылындагы селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө Ала-Бука районундагы дин кызматкерлери тарабынан материалдык жана акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев 35 килем, палас, 60 төшөк, жаздык, идиш-аяк жана кийим-кечелер берилгендигин маалымдап, сыноо келген бир туугандарга көмөк көрсөтүп туруу мусулмандын милдети экендигин билдирди.

«Имамдарыбыз селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүү демилгесин колдоого алышып, бул жаатта элибиз менен биргеликте абдан тыгыш иш алып барышты. Кыйын мезгилде бири-бирибизге кам көрүп туруубуз зарыл»,-деди баш имам хатиб.