Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков азиздер жана дүлөйлөр коомунун тигүү цехинин курулуш иштери менен таанышты

Кечээ, 12-августта Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарында жайгашкан азиздер жана дүлөйлөр коомунун заманбап тигүү цехинин курулуш иштери менен таанышты.

Тигүү цехи Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми тарабынан каржыланууда.

«Аталган азиздер жана дүлөйлөр коомунда 180ден ашуун жаран каттоодо турат. Аларды иш менен камсыздап, жашоосун жакшыртуу негизги максат экенин буга чейин ассамблеянын өкүлдөрү билдирген»,-деди облус казысы.

Курулуш иши менен жеринде таанышуу учурда облус казысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көңүл буруу учур талабы болгондуктан, имаратты сапаттуу бүткөрүү керектигин белгиледи.