Сузак районунун Кызыл — Туу айылында ысырапкорчулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 13-августа Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл — Туу айыл аймагында жергиликтүү тургундардын катышуусунда жыйын өттү.

Жыйынга облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана айылдын тургундары катышып, ысырапкерчиликтин алдын алуу, биримдикте, тынчтыкта болуу жана улууларды урматтап, кичүүнү ызаттоо маселеси талкууланды.

Ал эми облустун мусулмандарынын казысы ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча кеп-кеңештерин айтып, бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин күчөтүүлөрү керектигин билдирди.

Жыйындын соңунда облус казысы өлкөбүздүн тынчтыгын, биримдигин Алла Тааладан сурап дуба кылды.