Ош шаардык казыят кызматкерлери каттоодон өткөн мечиттердин абалы менен таанышып чыгышты

Ош шаардык казыятынын иш башкарма башчысы Жанарбек ажы Матиев жана Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мурзакул кары Осмонов Амир-Тимур кичи шаарчасындагы жаңыдан каттоодон өткөрүлгөн 4 мечиттин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыгышты. Иш чара алкагында казыят кызматкерлери мечиттерди мындан ары реконструкциялоо иштерин баштап, сапаттуу мечиттерди жана Ханафий мазхабы, Матрудий акыйдасын негизинде иштөөнү күчөтүп, ошондой эле мечиттердин ичиндеги шарттарды жакшыртуу керектигин айтышты.