Чолпон-Ата шаарында 78 дин кызматкери өздөрүнүн билимдерин жогорулатышууда

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы 78 дин кызматкеринин квалификацияларын жогорулатуу максатында 6 күндүк окуу семинарын уюштурууда. Учурда 78 дин кызматкери 12 предмет боюнча билим алышып, өздөрүнүн тажрыйбаларын бекемдешүүдө.

Бүгүнкү күндө дин кызматкерлерине:

-Имамдын этикасы

-Конфессиялар аралык диалог

-Мамлекет, мыйзам жана дин

-Дин кызматкерлеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен кызматташуусу

-Өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздук эрежелери

-Улуттук мадинаят жана диндин шайкештиги

-Ислам агымдарындагы адамдык баалуулуктар темаларында сабактар, лекциялар окулуп, тажрыйбалуу дин аалымдары жана адистер өздөрүнүн тажрыйбаларын тең бөлүшүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин:

1-айлампада 2300 имам

2-айлампада 1800 имам өздөрүнүн билимин жогорулатышкан болсо, 3 айлампада 1275 имам билим алышууда.