Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районуна жасаган иш сапарынын алкагында ысырапкорчулукту алдын алууга чакырды

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев казыят кызматкерлери жана райондун баш имам хатиби Марат Жусупбеков менен биргеликте Бакай – Ата райондук админстрациясынын башчысы Алынбай Имаров менен жолугушту.

Жолугушууда облус казысы коомчулукта болгон көйгөйлүү маселелерди чогуу чечүү менен бирге, экстримизм, терроризмди, ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Район башчысы жаштарга туура багыт берүүнү,  дин кызматкерлери менен тыгыз байланышта иштөө керектигин баса белгилеп, жаңы дайындалган облус казынын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.