Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай районунун тургундары менен жолукту


Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай районуна караштуу Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук «Алай-Гүлчө» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолукту. Райондун башкы имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров казыны жамаатка тааныштырды.

«Алай эли дин тармагында болобу, саясат болобу же маданият болобу, дээрлик бардык жаатта активдүү болуп келесиздер. Эң негизгиси, салттуу исламды кармоодо да өзгөчөлөнүп турасыздар. Бирок, азыркы тапта акыйкат жолунан адашкан тайпалар чыгууда. Этият болуп, ишенимдүү дин кызматкерлерин гана ээрчиңиздер», – деп билдирди облус казысы.

Облус казысы мындан сырткары ширк боюнча да кеңири баяндама жасады.

«Ширк – биринчи кезекте адамдын өзүнө кылган зулумдугу. Ширк Алла Таала кечирбей турган улуу күнөө. Кудайга миң мертебе шүгүр, биз ондогон кылымдардан бери ширкке түшпөй келе жаткан элбиз. Бирок, ширктин түрлөрү бар. Кичи ширк жана жашыруун ширктен сак болбосок, ибадаттарыбыздын сообунан жана берекесинен куржалак калышыбыз кеп эмес. Ошондуктан, ибадаттарды жалгыз гана Алланын ыраазычылыгы үчүн аткарууга көңүл буралы», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.