Сузак районундагы Орто-Азия айылында «Куран жаттоо» борбору ишке берилип, ага облус казысы катышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орто-Азия айыл аймагына облустун казысы Нематулла ажы Жээнбековдун колдоосу, айыл тургуну Бапанов Мырзакулбектин талыкпай көрсөткөн эмгеги жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы президенти Мухаммад Мадинин демөөрчүлүгү менен курулган 3 кабаттуу «Куран жаттоо» окуу борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган саамалыкка Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү, айылдын жамааты, жергиликтүү жана район башкармалыгынан өкүлдөр катышты.

Облус казысы «Куран жаттоо» окуу борборунун ачылышы жаштардын ыйманга, адеп-ахлакка келүүсүнө өбөлгө түзүп, коомдун оңолуусуна салым кошо тургандыгын билдирди.

«Куранды жаттоо ар бир инсанга насип болсун. Ал үчүн ар бирибиз далалат кылалы. Азыр келечек муундарыбыз үчүн жакшы шарттар түзүлүп жатат»,-деди облус казысы.

Иш-чаранын соңунда облус казысы кыргыз элинин  тынчтыгын, чек араларыбыздын бекемдигин жана аталган окуу борбордон ислам дининин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошчу аалымдар чыгышын Жараткан Алла Тааладан сурап дуба кылды.