Ош облусунда ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрмөкчү

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен жолукту. Казыны КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүм башчысы Исакбай Мурзабеков тааныштырды.

Жолугушууда салттуу динди жеткиликтүү түшүндүрүү, экстремизм жана радикализмдин алдын алуу, той-аштардагы ыксыз ысырапкерчиликти жоюу ж.б. маселелер каралып, бул жаатта биргеликте иш алып баруу боюнча сөз болду.

«Биз казыят катары салттуу исламдын негизинде ишмердүүлүк жүргүзөбүз. Ушул максатта облусубузга караштуу райондордогу имамдар үчүн диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган сабактарды уюштурууну баштаганбыз. Сабактарыбызда фикх жаатында ханафиликтин, акыйдада матуридиликтин негизинде тереңдетип билим берип жатабыз. Муну менен эле чектелбей, фундаментализм, экстремизм жана радикализм менен хикматтуулук менен күрөшө беребиз. Ушул жана жогоруда айтылган маселелердин алкагында ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк менен биргеликте көптөгөн иштерди аткаруу ниетибиз бар», – деп билдирди облус казысы.

Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов экстремизм, терроризмдин алдын-алуу үчүн түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана салттуу динди кармануу зарыл экенин айтты.

«Өлкөдө ар кандай диний агымдарга кирип кеткен жарандарыбыз бар. Алар динди жаңыдан үйрөнүп жаткандарды башка багытка буруп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, сиздерден салттуу диндин негизинде иш алып барышыңыздарды жана терроризм менен экстремизимге каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүшүңүздөрдү суранам», – деди Ош облусунун башчысы.

Мындан сырткары ал Ош облусунун аймагындагы мечиттердин тазалыгына көңүл бурууну сунуштады.

«Ислам дини тазалыкты сүйөт эмеспи. Ошондуктан өзүбүздүн эле тазалыкка маани бербей, мечиттерди да иретке келтиришибиз керек. Облустагы жалпы мечиттердин ичи-сыртындагы тазалыкка көңүл буруңуздар», – деди Зиядин Жамалдинов.