Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев мечит, хужира жана ФАПдын ачылыш аземине катышты

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районуна караштуу Кең — Арал айылында жаңыдан бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген мечит, билим берүү борборунун жана ФАПтын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Бакай – Ата районун акими Алымбай Имаров, Бишкек шаарынын коноктору жана жергиликтүү тургундар катышты.   

Саамалыкта алгач маркумдарга багышталып Куран окулуп, андан соң ФАПТын, Хужиранын жана мечитинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп, короосуна ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.

Мечиттин ачылыш аземинде Сулумбек ажы Узеналиев айыл тургундарын куттуктап, демилгени колго алган демөөрчүлөргө ыраазылыгын билдирди.