Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев дин кызматкерлерин ысырапкорчулукту алдын алууга чакырды

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай – Ата районунун имамдардын ишмердүүлүгү менен жеринен барып таанышып, отчетун кабыл алды.

Иш-чарага казыяттын иш башкармалыгынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев,  казыяттын үгүт — насаат жана билим берүү адиси Абдысамат уулу Өмүрзак, Бакай – Ата районунун баш имам хатиби Марат Жусупбеков жана районунун баардык имамдары катышты.

Дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда облус казысы имамдарга ысырапкерчиликти алдын-алууга,  эл менен биргеликте иштешүгө, имамдардын билим деңгээлин жогорлатууга басым жасады. Мунун менен катар учурдагы кырдаалга карата мечиттерде санитардык эрежелерди так сактоого чакырды.