Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Өзбекстан мусулмандарынын Муфтийи Усмонхон ажы Алимовдун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Кечээ, 16-август күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин тапшырмасына ылайык, Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Усмонхон ажы Алимовдун жаназа намазына катышты. 

Жаназада Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин жана жалпы эле кыргыз элинин атынан Усмонхон ажынын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, санаалаш досторуна жана жалпы өзбек элине терең кайгыруу менен көңүл айтты. 

Айта кетсек, жаназа намазы Самарканд облусу Иштихон районунун Орлот айылындагы «Эшони Темирхон Тура» мечитинде окулуп, ага Өзбекстандын белгилүү дин аалымдары жана жергиликтүү жамаат катышты.