Талас облусунун казысы Талас шаарынын мэри менен жолукту

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана казыят кызматкерлери менен биргеликте Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда элди ынтымакка жана биримдикке чакыруу, мечиттерде санитардык эрежелерин аткаруу, экстремизм терроризмди алдын алуу жана ата бабаларыбыз карманып келген динди туура жеткирүү туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ал эми калаа башчысы Аскар Шабданов казынын мындан аркы иштерине ийгилик каалап, жаштар менен тыгыз кызматташууга чакырды.

«Азыркы убакта динди туура жеткирүүгө аракет кылбасак, жаштарыбыз Интернет булагынан туура эмес маалыматтарды кабыл алууда. Андыктан түшүндүрүү иштерин күчөтүүдө сиздердин салымыңыздар өтө чоң»,-деди Шабданов.

Облус казысы жогоруда айтылган маселелер менен биргеликте кызматташууга даяр экендигин билдирди.