Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев облус жетекчиси менен жолугушуп, алдыда аткарылуучу иш-чаралардын мерчемин талкуулады

Талас облусунун жаңы дайындалган казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас облустунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун кабыл алуусунда болду.

Жолугушунун негизги максаты кызматташуунун актуалдуу маселелери аныкталып, эл арасында ынтымак, экстримизм, терроризмди алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

«Облус жетекчиси менен казыят ортосундагы мындан ары биргеликте кызматташуу боюнча пикир алыштык. Алдыда ишке аша турган бир катар иш-чаралардын мерчемин талкууладык. Жаштардын билим алуусуна жана эл арасындагы ашыкча ысырапкерчиликти алдын алууда дагы тыгыз иш алып бармакчыбыз”, — деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Ал эми облус башчысы Бакытбек Нарбеков казынын мындан аркы иштерине ийгилик каалап, биргеликте кызматташууга ар дайым даяр экенин билдирди.