Манас районунда заманбап бардык шарты менен медресенин пайдубалы түптөлдү

Талас облусунун Манас районунда заманбап бардык шарты менен медресе, мечити менен чогуу пайдубалы түптөлдү.

Медресе 100 балага ылайыкталып, Сауд Араб Падышачылыгынын жараны Саид Абдуллонун демөөрчүлүгү менен курулуп жатат. Капсула салуу салтанатына Манас районунун акиминин орун басары Замир Курманалиев, Манас районунун баш имам хатиби Миржала ажы Дадабаев, Бишкектен келген коноктор жана жергилүктүү тургундар катышышты.

Район акимдин орун басары Замир Курманалиев медресенин салынып жатканы билимдүү жаштардын чыгуусуна шарт түзөөрүн, райондогу алгачкы медресе экенин айтып өттү.

Ал эми Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жаңы салынган билим уясынан элге белгилүү дин аалымдары, карылар чыга турганына тилектештигин билдирди.

“Районубузга медресенин курулушун көптөн бери баарыбыз Кудайдан тилеп келгенбиз. Алла Таалага шүгүр демөөрчү табылды. Ушул салынып жаткан медресе баардык шарттары менен жатакана, ашкана жана мечити менен бүткөрүлмөкчү. Кудай буюрса ушул жерден көптөгөн аалымдар, карылар чыгаарына үмүтүм зор”, — деди Миржалал ажы.