Ош облусунда акыйда боюнча сабактар өтүлө баштады

Ош облустук мусулмандар казыятында мечит имамдарына акыйда боюнча сабактар бериле баштады. Сабакты облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев өтүүдө.

«Акыйда – ислам илимдеринин башаты. Мукаллаф болгон киши акыйда негиздерин сөзсүз билиши керек. Аны элге сиздер үйрөтөсүздөр. Ошондуктан дин кызматкерлерине тереңдеп акыйда сабагын өтүүнү туура таптык. Ар бир расмий дин кызматкери салттуу динибиздин акыйдасын өтө жакшы билиши керек. Мына ошондо терс агымдардын ишеним негиздериндеги кемчиликтерди даана көрүп, натыйжалуу күрөшө алышат», – деп билдирди Жейналиев.

Эскерте кетсек, сабак «Шарху аль-Фикхил-Акбар» китебинен берилүүдө.