Араван районунда үч айлык Куран курсу жыйынтыкталды

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн борбордук мечитинде Куран курсу жыйынтыкталды. Мында жаш өспүрүмдөр үчүн жайкы каникул мезгилинде Куран курсу уюштурулган. Ошентип үч айлык окутуунун жыйынтыгында балдардын Курандан сабаты ачылып, бир пара Куран жатташкан.

Иш-чарага Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, «Имам Бухари» медресесинин ага окутуучусу Жамалдин кары Султанов, Акунжан кары Мухамадалиев жана Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Абдухалил Кадиров катышты.

«Балдарыбыздын Куранды жеткиликтүү окуй алышы көңүл кубантаарлык иш. Алла Таалам мээнет кылган устаздардан жана Куран окуган өспүрүмдөрдү кубантууну көздөгөн демөөрчүлөрдөн ыраазы болсун. Мындай саамалык токтобостон башка айыл өкмөттөрдө да уланат деп үмүт кылам», – деди Алибек ажы.

Иш-чара соңунда Куранды мыкты окуган өспүрүмдөргө атайын сыйлыктар жана белектер тапшырылды.