Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалды

Баткен облусунун  мусулмандарынын казысы болуп Нуридин ажы   Мамасабиров дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

МАМАСАБИРОВ НУРИДИН ҮСӨНОВИЧТИН ӨМҮР БАЯНЫ

1983-жылы 13-январда  Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут айылында дин кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

БИЛИМИ:

Кыргызстан Ислам Университетинин арап тили жана шарият адистигин аяктаган.

БатМУ “Социалдык экономикалык билим берүү багыты

ТАЖРЫЙБАСЫ:

2005-2006-жылдары КИУда жалпы бөлүм башчысынын орун басары жана хадис мугалими.

2006-2012-жылдары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы Азирети Сулайман мечитинин имам хатиби.

2012-2017-жылдары Баткен районунун баш имам хатиби.

2017-2021-жылдары  Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары.

2021-жылдын  26-июнунан тарта Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайынын чечими менен Аалымдар кеңешинин мүчөсү.

Араб, Түрк, Орус, Өзбек тилдеринде эркин сүйлөт.

Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.