Азирети Муфтийдин орун басары менен Уфа Ислам университетинин проректору диний жааттагы иш-чараларды биргеликте өткөрүүнү макулдашты

Бүгүн, 20-августа Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Россиянын муфтийлер кеңешинин жооптуу өкүлү Динислам ажы Грачев жана Россиянын Уфа шаарындагы Ислам университетинин проректору Мурасаль ажы Ахметов менен жолугушту.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы диний кырдаал талкууга алынып, буга чейинки уланып келген мамилени мындан дагы бекемдөө, КМДБ жана Уфа Ислам университетинин ортосундагы достук алаканы чыңдоо боюнча сүйлөшүштү.

Муну менен катар тажрыйба алмашуу, билим берүү жана диний жааттагы иш-чараларды биргеликте өткөрүүнү макулдашты.