Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев Азирети Муфтийдин бир тууган агасынын кайтыш болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин  бир тууган агасы Качкын Ракиевдин кайтыш болгондугуна байланыштуу Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы  Садиллаев көңүл айтты.  

Урматтуу Азирети Муфтий Замир кары! Бир тууган агаңыздын кайтыш болгондугуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза-кайгыңызды тең бөлүшөмүн. Жараткан Алла Таала агаңыздын билип-билбей кылган бардык күнөөлөрүн кечирип, сурагын женил кылсын жана Фирдаус бейишинен жай берсин.  Сизге жана жакындарыңызга сабырдуулук тилейбиз.

 «Жакынынан айрылуунун кайгысына сабырдуулук кылып, ажырын Алладан күткөн пендемдин акыреттеги жайы  бейиш болот» (Бухари, Рикак 6). Ушул куттуу хадис бардык момун мусулмандардын кайгысын женилдетээр үмүт деп айтар элем.

إنا لله وإنا إليه راجعون