Салтты, динди билбеген аксакалдарды Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ыйманга чакырат

Бүгүн, 23-августта ак үйдүн алдына аксакалдар чыгышып, Азирети Муфтийдин отставкасын талап кылышты. Булардын салттуу дин деп плакаттарды көтөрүп алышкандыгын көрүп, кыргыз элибиздин салтынан кабары жок, караңгы адамдар экендигин көрүүгө болот. Бүгүн, Азирети Муфтий бир боорунан  ажырап, агасын жерге берип, кабыргасы кайышып турганын билип туруп булардын кылгандары  кайсыл адамгерчиликке жана акылга сыят? Динди сүйлөөдөн мурда инсан дин тууралуу терең билиши керек, каада-салттан кеп салаардан алдын аны жакшы өздөштүрүүсү зарыл. Улгайып, небере жытын искеп, төрдө олтуруп ак бата берээр мезгилинде бирөөлөрдүн 5 күндүк дүнүйөсүнө азгырылып, көчөдө бүткүл мусулмандардын наалатына калууну Алла Таалам эч кимге насип кылбасын. Азирети Муфтий эч бир жамаатын мүчөсү эмес жана булар таңуулап жаткан Гүлен кыймылына эч бир тиешеси жок. Бүгүн динибиздин асыл баалуулуктарын элибизге, өзгөчө жаштарга жеткирип, коомубузду ар кандай азгырыктардан оолак кылуу мезгили. Мамлекетибизге пайда алып келе турган үммөттү өстүрөлү десек, ар бирибиз салым кошолу. Азыр мамлекетибизге туруктуулук маанилүү. Эгер, өсүп-өнүгөлү десек, ынтымак аба менен суудай керек.

Качан  кыргыздын аксакалы көчөдө плакат кармап, бирөөнүн каргышына калды эле? «Карысы бардын-ырысы бар»,- деп элибиз бекеринен айткан эмес. Бүгүн карыяларыбыз нускалуу болуп, өсүп келе жаткан муундарга насааттарын айтышы керек.

Элибизде каргыш албай, алкыш ал деген кеп бар эмеспи. Азыр өлкөбүз, динибиз үчүн мээнет кылып, бизден кийинки урпактардын алкышын албайлыбы?

Эл бузаарлар  биздин коомдон эмес. Алар Алланын каргышына калып, азапталаары шексиз. Андыктан коомубузга пайдалуу болуп жашайлы.