Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара – Буура районунун акими Бектур Сагымбаев менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев  Талас облусунун Кара – Буура районунун администрациясынын башчысы Бектур Сагымбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, райондогу диний абал боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Кара Буура районун администрациясынын башчысы элибиздин тынчтыгы маанилүү экендигин айтып, диний же мамлекеттик кызматта  болбосун ниет  элге кызмат кылуу болуусу керектигин билдирди.

Ал эми облус казысы  мындан ары биргеликте иш алып барууга даяр экендигин айтып, райондун башчысынын ишине ийгиликтерди каалады.

«Элибизге туура диний багытты көрсөтүп, ар кандай терс диний агымдардан оолак кылуубуз керек. Жаштарды зынаа, уурулук, текеберчилик сыяктуу жаман көрүнүштөрдөн алыс кылууда дин кызматкерлери түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзмөкчү. Муну менен катар эл ичиндеги ысырапкорчулуктун алдын алуубуз зарыл»,-деди облус казысы.

Кара – Буура районунун башчысы менен жолугушууга облус казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын үгүт — насаат жана билим берүү адиси Абдысамат уулу Өмүрзак жана райондун баш имам хатиби Ислам ажы Куматаев катышышты.