Баткен районунун борбордук мечитинде заманбап даараткана курула баштады

Баткен районунун борбордук  «Абубакр Сыдык»  мечитинде учурдун талабына жооп берген, ысык жана муздак суусу бар заманбап даараткана курула баштады.

Даараткананы куруу демилгеси Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов тарабынан көтөрүлүп,  элдин колдоосу менен  курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

«Ислам динибиз тазалыктын үстүнө курулган дин жана  Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) “Тазалык ыймандан” деген куттуу хадисине амал кылуу максатында заманбап даараткана кура баштадык. Албетте, курулуш иштери жергиликтүү эл тарабынан колдоого алынып жатат»,-деди  Муса ажы Жолдошов.