КМДБнын Орусиядагы өкүлү Москвадагы мекендештер менен жолугуп, аларды ынтымакка, улуттар арасындагы достукка жана сабырдуулукка үндөдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва  шаарындагы мекендештер менен жолугуп, аларды ынтымакка, биримдикке жана сабырдуу болууга чакырды. КМДБнын Орусиядагы өкүлү жолугушууга келген улан-кыздарга жана улуу муундагы мекендештерге мыйзамдуулукту бекем сактап, кыргыз элинин маданиятын көрсөтүү керектигин билдирди.

«Акыркы учурларда социалдык тармактарда мигранттарга байланышка ар кандай маалыматтардын чыгып жаткандыгы бизди өкүндүрөт жана динибиз мындай көрүнүштөргө тыюу салат. Кайсыл гана мамлекетте болбойлу чыныгы мусулман экенибиздин үлгүсүн көрсөтүп, адеп-ахлак, каада-салтыбызды тааныталы. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) көрсөтүп кеткен жолу менен жашай турган болсок, ар кандай терс көрүнүштөрдү эч качан жасабайбыз»,-деди Жусубалиев.

Муну менен катар ал ыйман, адеп, соода-сатык, ынтымак менен биримдик, достук, улуттар аралык ынтымак боюнча баяндамасын жасап, жолугушууга келген мекендештердин суроолоруна жооп берди.

КМДБнын Орусиядагы өкүлү ушундай эле жолугушууну Москва шаарындагы «Өзгөн» коомунун өкүлдөрү менен уюштуруп, диаспоралар арасындагы ынтымак жана байланыш,  конфессиялар аралык алака,  терс диний агымдардын алдын алуудагы түшүндүрүү иштери боюнча пикир алышты.