Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Маматкулов Алибек карынын жакындарына, санаалаштарына көңүл айтты

Бүгүн,  25-август күнү белгилүү диний кызматкер, «Аламүдүн-1» мечитинин имам хатиби   Маматкулов Алибек кары бул дүйнө менен кош айтышып, чыныгы ааламга сапар тартты.

Бул кабырганы кайыштырган окуяга байланыштуу Бишкек шаарынын казысы Атабаев Самидин кары бардык жакындарына көңүл айтып: «Алибек каары чындыгында Кыргызстанда Ислам дининин өнүгүшү үчүн жакшы мээнет кылды.

Шаарыбыздагы Борбордук мечитте узак жылдар имамдык милдетти аткарды. Көч башы карыларыбыздан деп айта аламын. Акыркы жылдары мечиттерди куруу боюнча өтө көп мээнет кылып, көптөгөн жакшы иштерге себепчи болду. Аллахтан дуа кылабыз акыретте бардык кылган жакшылыктары эселеп кайткан болсун. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, карыкем !

 Биз да бир күнү ушинтип артыңыздан барып калабыз. Аллах баарыңыздарга сабырдуулук насип этсин»,-деди шаар казысы.

Маматкулов Алибек карынын жаназасы 26-август күнү 11.00дө  Ак Өргөө конушу, Алтын казык 46 дарегинде окулат. 

Кошумча маалымат:  Маматкулов Алибек Маматкулович 04-июнь 1966-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Ай-Көл айылында төрөлгөн. Кичинесинен баштап эле айылындагы молдолордон сабак алган, андан кийин Тажикстандын Исфара районунда Куранды толугу менен жаттаган. 1993-жылы Ташкентте Диний билимин тереңдетип окуп бүтүргөн. 1996-жылдан баштап Бишкектеги Борбордук мечитте наиб имам, андан кийин имамдык кызматты аткарган. 2017-жылдан бери Бишкек шаарындагы «Аламүдүн-1» мечитинин имам хатиби болуп эмгектенип келе жаткан.