Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш сапары менен Чаткал районуна барды

Бүгүн, 25-августа Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков жумуш сапары менен Чаткал жергесинде болду.

Иш сапардын алкагында Чаткал районунун акими Нарын жергесинен жаңы которулуп келген аким Алтынбек Жыргалбекович менен жолугушуп, Чаткал районундагы диний кырдаал, мамлекеттик саясатты бирге ишке ашыруу, ысырапкерчиликти жоюу, мечиттердин каттоосун тездетүү жана имамдардын билим деңгээлин көтөрүү боюнча пикир алышты.

Андан соң Чаткал райондук адмнистрациянын жыйындар залында Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Чаткал районунун акими Алтынбек Жыргалбекович жана райондун баш имам хатиби Токонов Кубанычбек ажынын катышуусунда Чаткал районунун жалпы имамдарына жыйын өттү. Жыйында райондогу диний кырдаал талкууланып, элдин биримдиги, улуттар аралык ынтымак жана мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү жана жаңы курулуп жаткан мечиттердин документ иштерин курулуш менен биргеликте бүтүрүүнү жана келээрки жылдары  мектеп окуучуларына жайкы лагерлерди уюштуруу боюнча сунуш берди.

Жыйында аким Чаткал районунун борборуна борбордук заманбап жаңы мечит курууну сунуштады.

Областтын казысы нематулла ажы Жээнбеков өз сөзүндө баш имам хатиб Токонов Кубанычбек ажынын тоолуу райондо мечит жана айылдардын алыстыгына карабастан, эл менен, имамдар менен, жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барып жатканын баса белгилеп, райондун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.

Жыйындын соңунда райондун баш имам хатиби жана имамдары областын казысы Жээнбеков Нематулла ажыга жолдун алыстыгына карабастан келип, элибиздин жана имамдардын арасында диний маселелер боюнча өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп кеткендигин айтып, ыраазычылыктарын билдирди.