Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш сапары менен Аксы жергесинде болуп, райондогу диний кырдаалды талкууга алды

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш сапары менен Аксы жергесинде болуп, анын алкагында район акими Замир Сыдыков менен жолугушуп, Аксы районундагы диний кырдаал, ысырапкерчилик, мечиттердин каттоосун тездетүү боюнча пикир алышты.

Андан соң райондук адмнистрациянын жыйындар залында Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Аксы районунун акими Замир Бейшенович Сыдыков жана райондун баш имам хатиби Мырзабек Абдыкалыковдун катышуусунда Аксы районунун жалпы имамдарына жыйын өттү.

Жыйында райондогу диний кырдаал талкууланып, элдин биримдиги, улуттар аралык ынтымак жана мечиттерди мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүүнү жана жаңы курулуп жаткан мечиттердин документ иштерин курулуш менен биргеликте бүтүрүү боюнча тапшырма берди.

Жыйынга жалпысынан 60ка чукул имамдар катышып, жыйындын аягында областтын казысына, райондук адмнистрациянын башчысына өздөрүнүн көйгөйлүү суроолорун берип, жоопторун алышты.