Медресе студенттерине жайкы лагер уюштурулду

Кыргызстан мусуландарынын дин башкармалыгы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана “Мутакалим” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте медресе студенттерине жайкы лагер уюшгтурулду.

Жайкы лагерге 21 студент тандалып алынып, алар 23-28-август күндөрү Ысык-Көлдө эс алуу менен бирге аларга толлерантуулук жана үй-бүлө баалуулуктары, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинарлар дагы өткөрүлүүдө.

Муну менен катар туура тамактануу эрежеси, өз саламаттыгын алдын алуу, сергек жашоо жана билим алуунун зарылдыгы тууралуу дагы атайын чакырылган лекторлордон сабак алууда.