Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара — Буура районун имамдары менен жолукту

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков Кара – Буура районунун имамдарынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Жыйынга казыят кызматкерлери жана райондун имамдары катышты. Алгач жолугушуда Кара – Буура районунун баш имам хатиби Ислам ажы Куматаев жаңы дайындалган казыны имамдарга тааныштырып иштерине ийгиликтерди каалады.

Жыйында облус казысы биринчиден имамдардын билим деңгээлин жогорлатууга жакын арада сабактарды башталышын айтып, андан соң жаштар менен иш алып барып, экстримизм терроризмди жана ысырапкерчиликти алдын алууга тушундүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү керектигин белгиледи.

“Имам бардык тарабынан үлгү болушу керек. Жаназа намазын же никесин гана окуп койбостон, социалдык маселелерде демилгелерди көтөрүп, элдин көйгөйлөрүн чечүүдө өз салымын кошуу керек”,  деди казынын орун басары Касым ажы Сыдыков.